Анализдин кинетикалык методдору

Википедия дан

Анализдин кинетикалык методдору - реакцияга кирүүчү заттардын концентрациясы менен химиялык реакциялардын ылдамдыгынын ортосундагы көз карандылыкка негизделген химиялык анализ. Мында убакыт бирдигинде реакцияга кирген баштапкы заттардын же пайда болгон продуктунун саны өлчөнөт. Аныкталуучу элементтин катализатор катары реакцпянын ылдамдыгына (v) көрсөткөн тааспрп төмөнкү теңдеме менен туюнтулат: V=kck с A C| = dC—, мында, dt Ck CA, CB, C| - каталпзатордун, баштапкы заттардын жана продуктунун концентрациялары; k - ылдамдык константы; t - убакыт. Бул методдор менен микроэлементтер жана металлдардын, куймалардын, суунун, өтө таза заттардын курамындагы эң аз сандагы кошулмалар аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1