Аналитикалык химия
Аналитикалык химия – заттар хим. курамын жана түзүлүшүн аныктоочу методдун теориялык негиздерин, практикалык ыкмаларын изилдоочу илим. Хим. анализ кээ бир түрлөрү байыркы заманда эле белгилүү болгону менен А. х. илим катары 19-к. башталышында калыпталган. Буга И. Рихтер стехиометриялык, Ж.Л. Пруст заттар курамынын турактуулугу, М.В.Ломоносов заттар массасынын сакталуу закондору чоң көмөк болгон. А. х. өркүндөшү коомдогу ар түрдүү ө. ж-лардын жана илимдин өсүшү менен тыгыз байланышта, анткени өндүрүштө колдонулуучу чийки заттардын булактарын издеп табуу, жаратылыш кен байлыктарынын ө. ж-лык маанисин аныктоо, жасалма заттар өндүрүү, азыркы техникада колдонулуучу металлдар жана алардын куймалары сапатын сыноо хим. анализ аркылуу гана ишке ашат. Анализ максатына жараша А. х. сапаттык жана сандык анализ деп бөлүнөт. Сапаттык анализде изилденүүчү зат курамында кандай элементтер, мол-лар, изотоптор же фазалык компоненттер бар экендеги аныкталат. Сандык анализде хим. бөлүкчөлөрдүн сандык катышы аныкталат. Хим. анализ элементтик, мол-лык жана фазалык болуп бөлүнөт. Булардын ар бири затты сапат жана сан жагынан анализдөө үчүн колдонулат. Орг. эмес заттар изилдөө үчүн элементик анализ эле жетиштүү болсо, орг. заттар хим. жаратылышын мүнөздөө үчүн элементтик анализ менен катар мол-лык анализди жүргүзүү зарыл. А. х. методдору хим., физ.-хим. жана физ. болуп үчкө бөлүнөт. Хим. методдор аныкталуучу зат менен реагент ортосунда жүрүүчү хим. реакцияны колдонууга негизделет. Бул реакцияны төмөнкүдөй эмпирикалык формула түрүндө туюнтат: x + R=P, мында х - аныкталуучу зат, R- реагент, Р - реакциядан пайда болуучу зат. Хим. реакцияларды колдонуу ыкмасы б-ча бардык хим. методдор үч топко бөлүнөт. Биринчи топко кирүүчү методдо реакциядан пайда болуучу зат массасын өлчөйт, ошондуктан аларды массалык (гравиметриялык) анализ деп атайт. Мында аныкталуучу затты эритмеден өзүнчө же начар эрүүчү хим. бирикме түрүндө бөлүп алып, анын таразаланган массасы аркылуу сандык катышы табылат. Экинчи топтогу методдор аныкталуучу зат (х) менен реакцияга кирүүчү реагенттин (R) санын өлчөөгө негизделет. Мында реагентти концентрациясы белгилүү эритме түрүндө колдонуп, анын реакцияга сарпталган көлөмүн өлчөйт. Реагенттин белгилүү концентрациядагы эритмесин титрант же стандарттык эритме деп атайт. Титрантты аныкталуучу зат эритмесине бюретка аркылуу тамчылатып кошуу процесси титрлөө деп аталат. Аныкталуучу зат менен титрант толук реакцияга кирген учуру эквиваленттик чекит деп аталат да, ал индикатор жардамы менен аныкталат. Эквиваленттик чекитке чейин сарпталган титрант көлөмү б-ча аныкталлуучу зат саны табылат. Бул топко кирүүчү методдун жыйындысын көлөмдүк (титриметриялык) анализ деп атайт. Көлөмдүк анализ өз алдынча к-та-негиздик (алкалиметрия, ацидиметрия), аргентометрдик, меркурометрдик, оксидиметрдик, комплексонометрдик методдорго бөлүнөт. Көлөмдүк анализ салмактык анализге салыштырганда тез бүтөт, бирок тактыгы б-ча андан төмөн турат. Үчүнчү топко кирүүчү методдо аныкталуучу зат өзүнүн хим. реакцияда өзгөрүлүшү пайдаланылат. Буларга газ анализи кирет. Мында аныкталуучу зат (х) темп-ра же реагент таасири менен газ абалына айландырылат. Бөлүнүп чыккан газды сорбент толтурулган атайын кабыл алгыч идишке тосуп алып, анын алгачкы массасынын өзгөрүшү б-ча газ саны табылат. Хим. методду өтө аз өлчөмдөгү заттарды жана хим. касиеттери б-ча өз ара жакын болгон элементтерди анализдөө үчүн колдонууга болбойт, анткени алардын сезгичтиги төмөн. Мындай учурда физ.-хим. жана физ. методдор колдонулат. Физ.-хим. методдор аныкталуучу заттын хим. реакциянын натыйжасында өзгөрүлө турган физ. касиетин чагылдыруучу параметрлер менен өлчөөгө негизделет. Анализделүүчү эритмеде реакция натыйжасында өзгөрүлүүчу электр өткөргүчтүк, электроддук потенциал оптикалык тыгыздык, электр тогунун күчүн байкоо жана өлчөө менен сапаттык жана сандык анализ жүргүзүлөт. Булар өз алдынча оптикалык жана электрохим. болуп бөлүнөт. Оптикалык методго фотометрия, спектрофотометрия жана люминесценттик анализ кирет. Электрохим. методго потенциометрия, полярография, кондуктометрия, амперометрия, кулонометрия, электрогравиметрия кирет. Физ. методдор аныкталуучу заттын сапаттык жана сандык курамына түздөн түз көз каранды болгон физ. касиеттерин чагылдыруучу параметрлерин өлчөөгө негизделет. Буларга радиохим., спектрдик, рентген-спектрдик, поляриметрдик, рефрактометрдик жана башка методдор кирет. Физ.-хим. жана физ. методдор өтө сезгич келип, 10-5- 10-9 % заттар аныктоодо колдонулат. Өзгөчөлүгү-бир эле убакта ондогон элементтерди сапат жана сан жагынан аныктоо мүмкүнчүлүгү. А.х. методунун өндүрүштөгү технологиялык процесстер жүрүшүн көзөмолдөөдө жана айлана-чөйрөнү булгоочу заттарды аныктоодо мааниси өтө чоң .
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|