Анаргүл Тажыбай кызы

Википедия дан

Анаргүл Тажыбай кызы (1900, Ноокат району, Кашкалдак айылы — өлгөн жылы белгисиз) — манасчы.
Манасчылардын түштүк тобуна кирет. 15—16 жашынан ашыктык (сүйүү) ырларын жакшы аткарып, кошок чыгарып айтып жүргөн.
«Манас» айтууну өзүнүн күйөөсү Бөрүбай Султан уулунан үйрөнгөн. Бирок, А. уяңдыгынан эл алдына «Манас» айтып чыга алган эмес.
Ал тургай анын «Манас» айтарын өз туугандары деле укпаптыр. 1947-ж. К. Мифтаков андан бир топ лирикалык ырларды,
«Мурза уул» поэмасын жана «Манас» эпосунун үзүндүлөрүн жазып алган. А-дөн жазылып алынган Манастын төрөлүшү, Манастын балалык чагы, Накылайга үйлөнүшү,
Манастын Төштүк менен жекеме-жеке кармашуусу эпизоддору сюжети менен поэтикасы түштүктүк айтуучулардын варианттарына өтө жакын.
А-дүн «Манасы» башка варианттардан Манастын үч жолу өлүп жана үч жолу тирилүү мотиви боюнча айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4