Анатолий Арефьев

Википедия дан

Арефьев Анатолий Васильевич (1918, Ставрополь шаары —1989, Москва)— театр сүрөтчүсү, СССРдин эл сүрөтчүсү (1967), КПССтин мүчөсү (1945). 1947-ж. Кыргызстанга келип, Опера жана балет театрында башкы сүрөтчү болуп эмгектенип, жетимиштен ашык ар кандай спектаклдерди жасалгалоону жүзөгө ашырган. Алардын ичинен «Манас», «Айчүрөк» опералары өзгөчө орунду ээлейт. А. аталган улуттук опералардын сахналык жасалгаларын ишке ашырууда уникалдуу эпостун өзөгүндөгү ар кандай окуялардын тереңинен кыргыз элинин тарыхый этнографиялык жашоо-шартын, ал мезгилдеги турмуштун мүнөзүн билгичтик менен пайдаланган. Айрыкча, спектаклдин катышуучуларынын кийим-кечелерин, курал-жарак, жабдыктарын, улуттук жасалгалардын бүтүндөй ыргагын ишенимдүү чечип, эпикалык маанай берген. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл жылдыз ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4