Анаэробдор

Википедия дан
Spinoloricus sp.

Анаэробдор (грекче an - терс бөлүкчө, aer - аба жана bios - жашоо) - кычкылтексиз чөйрөдө жашай алуучу организмдер. Анаэробдорго бактериялар, ачыткыч козу карындар, жөнөкөйлөр менен курттардын кээ бир түрлөрү кирет. Чыныгы же облигаттуу анаэробдордор кычкылтексиз, чала же факультативдүү жерде да тиричилик өткөрө алат. Топуракта, сууда, суу түбүндөгү баткакта кеңири таралган. Облигаттуу анаэробдорго клостридий бактериялары кирет, алар жаратылышта кеңири таралган, ачуу процесстерин, ошондой эле кишинин кээ бир коркунучтуу ооруларын (ботулизм, селейме, газ гангренасы) чакырат. Суу жаткан күрүч талааларында жашоо тиричилигин өткөрүүчү метан пайда кылуучу бактериялар да чыныгы анаэробдорго кирет. Факультетивдүү анаэробдорго ачыткыч козу карындардын түрлөрү, сүт кычкыл бактериялары, кишинин жана жаныбарлардын ичеги көңдөйүндө тиричилик өткөрүүчү бактериялар таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1