Ангилиа

Википедия дан

Ангилиа (грекче angeion — түтүкчө, кан тамыр, оmа — шишик) — кан же лимфа тамырларынан өсүп чыккан зыянсыз шишик. Анын 2 түрү бар: жөнөкөй ангилиа — теридеги же былжыр челдеги тубаса жалпак өсүндү; ал кан тамырлуу калдын негизин түзүп, көгүш түстө; көңдөйлүү ангилиа — тери алдындагы клетчаткада же ички органдарда пайда болот. Айрым учурда андан кан көп кетет. Эгерде ал тез өссө хирургиялык жол, радиотерапия колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1