Ангкор

Википедия дан
Ангкоp‎»‎ барагынан багытталды)
Ангкор.

Ангкор (кийин Ангкор — Тхом кхмерче — «Улуу шаар» дегенди билдирет) — Сием-Реап шаарынын (Камбожа) жанындагы храмдардын, сарайлардын, суу сактагычтардын жана каналдардын зор комплекси. 9—13-кылымда курулган. Яшодхарапура (9-кылымдын аягында негизделген) менен Ангкор-Тхом (12-кылымдын аягы) храмы, шаар урандылары, жыгач сарайлардын таш пайдубалы, тепкичтүү пирамида түрүндөгү «тоо-храмдары», анын ичинен скульптуралык жактан бай жасалгаланган ири Ангкор-Ват храмы (1113—50-ж. ч.) бар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1