Англия-саксондук жеңип алуулар

Википедия дан

Англия-саксондук жеңип алуулар - 5-кылымдын ортосунан баштап эле түндүк герман уруулары (англ, сакс, ют жана фриз) массалык түрдө Британиянын жээктерине барып отурукташып, ички райондоруна тереңдеп кире башташкан. Жергиликтүү кельт уруулары багындырылып, калгандары Шотландия, Уэльске жана континентке (азыркы Бретань) сүрүп чыгарылган. 6-кылымдын аягында герман уруулары Британиянын көпчүлүк аймактарын каратып, ал жерлерде бир нече англсаксондук королдуктар (Кент, Уэссекс, Суссекс, Эссекс, Чыгыш Англия, Нортумбрия, Мерсия) пайда болгон. Кийинчерээк бул уруулардын даниялыктар, норвегиялыктар жана франциялык келгиндер менен жуурулушуусунун негизинде англичан эли калыптанган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1