Ангрен-Көл коргошун кени

Википедия дан

Ангрен-Көл коргошун кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Курама кырка тоосунун түндүк-чыгыш капталында. 1946-ж. табылган. Аймагын амфибол–биотиттүү гранит-диорит интрузиясы жана Таш-Көмүр мезгилинин жанартоо-чөкмө, мезозой-кайнозой чөкмө тектери түзөт. Бул тектерди эки чоң тектоникалык жарака (Ангренкөл жана Арашан ) кесип өтөт. Жаракалар түндүк-батышка карай ондогон кмге созулат. Ал гранит-диориттерде гидротермден өзгөргөн, туурасы 50–200 мге чейин брекчия зоонасын пайда кылган. Руда тулкулары тарам жана уя сымал брекчия зоонасында жатат. Негизги минералы галенит, чанда сфалерит, пирит, халькопирит. Алар руда тилкесине бир калыпта тараган эмес. Кен үч руда тилкесине (астыңкы,ортоңку,үстүңкү) бөлүнөт. Астыңкы тилке Ангренкөл сайынын оозунан башталып, 500 мге, ортоңкусу 540 мге, үстүңкүсү 1000 мге чейин созулуп, калыңдыгы 3–6 мди түзөт. Тилкелер фельзит дайкалары менен коштолот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]