Ангстрем Андерс Йонас

Андерс Йонас Ангстрем (Anders Jonas Ångström 13-август, 1814 — 21-июнь, 1874) — швециялык физик, спектроскопия илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын урматына узундуктун өлчөм бирдиги «ангстрем» ( метр) деп аталган. Ал 1814-жылы Швециянын Лёгдё айылында туулган, ал эми 1874-жылы Уппсалада каза болгон. Ангстрем 1839-жылы Уппсала университетинен докторлук даражасын алган. Ал 1843-жылы Уппсала обсерваториясында байкуучу болуп иштеп, 1858-жылы физика кафедрасынын башчылыгына дарга тандалган.
Илимий салым жана ачылыштар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ангстремдин эң маанилүү илимий эмгектери жылуулук өткөргүчтүк жана спектроскопия тармактарына багытталган. Ал жылуулук өткөргүчтүккү өлчөө ыкмасын иштеп чыгып, анын электр өткөргүчтүк менен пропорционалдуу экенин далилдеген.
Спектралдык анализ: 1853-жылы ал электр учкунунун (разряддын) жарыгында эки башка спектр пайда болгонун далилдеген: биринчиси электроддун металлына, экинчиси болсо электрод аркылуу өткөн газга тиешелүү болгон.
Резонанс теориясы: Эйлердин резонанс теориясына таянып, Ангстрем спектралдык анализдин принцибин аныктаган: Ысытылган газ өзү сиңирген (абсорбциялаган) толкун узундугундагы жарыкты эмирет.
Күндүн спектри:Күн спектрин изилдөөдө ал 1862-жылы Күндүн атмосферасында суутек бар экенин аныктаган (бул маалымат ошол жылы жарыяланган.
Түндүк жаркыроо:1867-жылы ал түндүк жаркыроонун спектрин биринчилерден болуп изилдеп, анын сары-жашыл аймагында (5577 ангстрем) кычкылтектин мүнөздүү ачык сызыгын таап, аны өлчөй алган. Бирок, ал бул сызык зодиак жарыгында да пайда боло алат деп жаңылыш ойлогон.[1]
Улуу карта жана мурас
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1868-жылы ал «Recherлоches sur le spectre solaire» («Күндүн спектрин изилдөө») аттуу эмгегинде Күндүн спектринин маанилүү картасын жарыкка чыгарган. Бул эмгекте толкун узундуктарынын маанилери метрдик бирдик менен көрсөтүлгөн — бул бирдик кийинчерээк ангстрем деп аталган.Ангстрем жана анын кесиптеши Роберт Тален Күндүн спектринде да, лабораториялык шарттарда да көптөгөн химиялык элементтердин спектрдик сызыктарын изилдеп, өлчөшкөн. Алардын эмгектери тез арада дүйнөгө таанылып, чоң таасир эткен илимий иштердин катарына кирди. Ошентсе да, Ангстрем бул эсептөөлөрдө системалуу каталар болушу мүмкүн деп шектенген. Ангстремдин өлүмүнөн 10 жыл өткөндөн кийин, 1884-жылы гана Тален кээ бир сызыктардын толкун узундуктарын оңдогон жаңы жыйынтыктарды жарыкка чыгарган (катанын айырмасы бир ангстремге чейин жеткен). Катанын себеби — Ангстрем менен Тален колдонгон метрдин эталону стандарттуу өлчөмдөн бир аз кыска болгондугунда болгон