Андраши Дьюла

Википедия дан

Андраши Дьюла (3. 3. 1823, Кашау - 18. 2. 1890, Волоска) - венгриялык мамлекеттик жана саясий ишмер; граф. Венгриядагы 1848-49-жылы революциянын жетекчилеринин бири, венгриялык революциялык өкмөттүн Константинополдогу дипломатиялык өкүлү. Революция жеңилгенден кийин Францияга эмиграцияга кетип, сырттан эле өлүм жазасына тартылган. 1857-жылы амнистия боюнча Венгрияга кайтып келип, император Франц Иосифке берилгендигин далилдеп, ант берген. Австрия-Венгрия монархиясынын түзүлүшүнө алып келген 1867-жылдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө катышкан. 1867-71-жылы Венгриянын Министрлер Советинин алгачкы төрагасы, 1871-79-жылы Австрия-Венгрия империясынын тышкы иштер министри.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1