Андреев Николай Тимофеевич

Википедия дан

Андреев Николай Тимофеевич [21. 11. 1905, Москва - 27. 9. 1974, Фрунзе (азыркы Бишкек)] - Советтер Союзунун Баатыры (1945), полковник. 1942-жылы «Выстрел» курсун, 1947-жылы М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясына караштуу Армиялык жогорку курсту бүтүргөн. 1927-жылы Советтик Армияга чакырылып, солдаттан полковникке чейин күжүрмөн жолду басып өткөн. Улуу Ата Мекендик согушта 1028-аткычтар полкунун (1-Белоруссия фронту, 47-армия, 260-аткычтар дивизиясы) командири болгон. 1945-жылы Варшаванын түндүгүндө Висладагы плацдарм үчүн салгылашта Модлин - Варшава шоссесин кесип өтүп, душмандын күчүнө чоң зыян келтирген. Бул эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Согуштан кийин Советтик Армиянын бөлүктөрүндө жана мекемелеринде жооптуу кызматтарды аткарган. 1953-58-жылы Кыргыз ССР аскер комиссары. Кыргызстан КП БКнын мүчөсү (1955-58), Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-шайланышынын депутаты. Ленин ордени, 3 Кызыл Туу, 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, 3-даражадагы Суворов, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1