Андрей Тарковский

Википедия дан

Тарковский Андрей Арсеньевич (4. 4. 1932, Иванов областы, Юрьевецк району, Завражье айылы – 29. 12. 1986, Париж) – орус совет кинорежиссёру жана сценаристи, РСФСРдин эл артисти (1980). 1951–52-жылдары Тарковский Москвадагы чыгыш таануу институтун ден соолугуна байланыштуу таштап, 1954-жылы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёр бөлүмүнөн М. Роммдон таалим алган. Тарковскийдин биринчи режиссёрдук курстук иши 1956-жылы Э. Хемингуэйдин «Зөөкүрлөр» аттуу чыгармасынын сюжетинде тартылган кыска метраждуу фильм. А. Кончаловский менен бирге бир нече сценарийлерди иштеп чыккан: «Жылгаяк жана скрипка» (1961), Нью-Йоркто өткөн студенттик фильмдердин фестивалында баш байгеге ээ болгон. Белгилүү тасмалары: «Андрей Рублёв», «Күзгү», «Солярис», «Сталкер» ж. б. 1980-жылы Италияга кетет. Швецияда «Курмандыкка чалуу» (1985) акыркы фильмин тарткан. Ленин сыйлыгынын лауреаты (көзү өткөндөн кийин, 1990). 1993-жылдан Москвада өткөрүлүүчү эл аралык кинофестивалда Тарковский атындагы сыйлыгы ыйгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]