Андриевский Ростислав Александрович

Википедия дан

Андриевский Ростислав Александрович (1933-жылы туулган, Украина, Киев) - техника илимдеринин доктору (1969), профессор (1971), Кыргызстан ССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1984). Киев политехника институтун (1955) бүтүргөн. УССР ИАнын металл-керамика институтунун илимий кызматкери, лаборатория башчысы, Подольск илим-изилдөө институтунда бөлүм башчы, М. В. Ломоносов атындагы МИТХТтын профессору, Кыргызстан ССР ИАнын физика институтунун директорунун орунбасары, Россия ИАнын жаңы химиялык проблемалар институтунун башкы илимий кызматкери. Металлургия жана материал таануу боюнча адис. 350дөн ашык илимий эмгеги жарык көргөн, анын ичинен 9 монография, 50 автордук күбөлүктүн ээси. Эмгеги: Фазы внедрения (в соавторстве). М., 1977; Введение в порошковую металлургию. Ф., 1988; Порошковое материаловедение. М., 1991.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1