Андромеда

Википедия дан
Андромеда.

Андромеда (Andromeda) — асман сферасынын Түндүк жарым шарындагы топ жылдыз. Ал топ жылдызга тушма-туш Андромеда тумандуулугу жайгашкан. Байыркы гректер тапкан 48 топ жылдыздын бири. Эфиопия падышасынын кызынын атынан аталган. Андромеда топ жылдызынын a, b жана g жылдыздары күзүндө жакшы көрүнүп, Андромеда жана Керген сабаа топ жылдыздарын иликтөөгө жакшы багыт берет. Андромеданын a жылдызы - Керген сабаа топ жылдызынын да a жылдызы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1