Анемохория

Википедия дан

Анемохория (гр. anemos – шамал, horeo – барамын, тараймын). Гүлдүү өсүмдүктөрдүн эки чоң түркүмүндө (аралалар (орхид) жана татаал гүлдүүлөрдө) көп байкалат. А. негизинен бийик тоолордо, талааларда, саванна жана чөлдөрдө көп таралган, ал көпчүлүк эпифиттерге да мүнөздүү. Ушул жол менен таралган өсүмдүктөр анемохорлор деп аталат. Анемохорлордун көптөгөн типтери бар. Голландиялык ботаник Л.Вандер Пейлунун (1969) ою боюнча, алар-ды 3 топко бөлсө болот: учуучу (метефанемохорлор), сыйгаланып жүрүүчүлөр (хамехорлор) жана жылып жүрүүчүлөр (баллистикалык анемохорлор). Учуучу диаспоралардын ичинен өзгөчө көп сандагы майда “чаңдуу” диаспоралардын, өзүнүн салмагы абдан жеңил болгондуктан абанын агымына жараша алыска барып конот. Мындай А-га эпифиттерге, сапрофиттерге жана мите өсүмдүктөрдө натыйжалуу болот. Чаң сымал уругу төмөнкү түркүмдөргө мүнөздүү: аралалар (орхидейлер), бурманниктер, саррацениктер, непентестер, росянкалар, баланофорлор, шумгуя, норичниктер, пиролалар жана верескалар жана башка уруулар. Араланын уругунун салмагы 0,003 мг, ал эми шумгуяныкы – 0,001 мг, ушундай майда уруктар башка түркүм жана урууларда болот. Мисалы, чечендирлер, кээ бир чеге гүлдүүлөр, коңгуроо гүлдүүлөр, рододендрондор, эвкалиптер жана башка Башка учуучу диаспораларга абада шар сымал болуп учуучу диаспорлор же аэростаттар кирет. Аэростатикалык ыңгайланууну аралалардын уруктарынан байкоого болот, бирок көбүрөөк ал (жемишинде) мөмөсүндө жана топ мөмөсүндө (соплодия) болот. Мындай диаспоралар кулмактын топ мөмөсүндө, кээ бир шакардуулардан, физокарпус, чатырдууларда жана башка өсүмдүктөрдө байкоого болот. Ошондой эле таянгычтары же канаттары бар диаспоралар да кездешет. Ушул сыяктуу диаспоралар ачык жерде өсүүчү өсүмдүктөрдө пайда болот, ал эми токой өсүмдүктөрүнөн эпифиттерде байкалат. Жер бетинде шамалдын таасири менен диаспоралардын тоголонуусу А-дын өзгөчө тиби болуп эсептелет, алар өзгөчө кумдуу чөлдөрөгү өсүмдүктөргө мүнөздүү. Р. Е. Левиндин маалыматтары боюнча булар эки типте болот: аба шарлар жана аба турбиналар. Биринчи типке ак барсылдактын, ыраңдын көпшөк мөмөсү, кээ бир астрагалдар, эремоспартондун мөмөлөрү жана ышкындын жана башка кирет. Кээ бир учурда шамал бүтүндөп өсүмдүктү бир жерден экинчи жерге учуруп диаспораларын таратат. Бул учурда диаспоранын ролун бүт өсүмдүк аткарат. Мисалы, бир жылдык клоповник, кум эбелеги, көп баш. Анемохорлордун дагы бир өзгөчө тиби шамал баллистери же анемобаллистер. Аларда шамалдын кыймылы менен урук чачуу механизми болот, мисалы, апийимдин уругунун таралышы. Апийимдин кутучасы бекиген узун чоюлчаак бутчалары шамалга тирелет да, алардын уруктарын кутучанын үстүңкү тешикчелери аркылуу белгилүү 15 м аралыкка чейин чачат. Анемобаллистерге чеге гүлдүүлөр, норичниктер жана башка урууларга кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]