Анестетиктер

Википедия дан

Ооруну басаңдатуучу дарылар — оору сезимин жоготуучу же басаңдатуучу заттар.

Алардын химиялык түзүлүшү жана тийгизген таасири ар түрдүү болот. Ооруну басаңдатуучу дарылар көбүнчө нерв системасына таасир эткендиктен ооруну сездирбейт (аналгетиктер).

Бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алар наркотиктүү жана наркотиксиз болуп бөлүнөт.

Наркотиктүү аналгетиктер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наркотиктүү аналгетиктерге апийимден алынган дарылар жана алардын ордуна колдонулуучу синтезделген дарылар кирет. Булар оору оезүүгө тандалмалуу таасир берип, эстен тандырбайт. Наркотиктүү аналгетиктер негизинен күйүктө, травмада, зыяндуу шишиктерде, миокарддын инфарктында катуу ооруну басуу үчүн колдонулат. Ооруну басуу менен бирге психикага таасир этип, эйфория абалын түзөт. Анда кишинин көңүлү чөкпөйт, өзүн өзү контролдобой, айлана-чөйрөгө сын көз менен карабайт, эч нерседен коркпой, тынчтанып калат. Бул дарыларды кайталап кабыл алуудан организм ага көнүп, дарынын өлчөмүн көбөйтмөйүнчө таасир этпей калат. Натыйжада бангилик пайда болот. Ошондуктан ал дарылар атайын так каттоого алынып, аларды врачтын уруксатысыз кабыл алуу кылмыш катары эсептелет.

Наркотиксиз аналгетиктер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наркотиксиз аналгетиктерге ацетилсалицил кислотасы, амидопирин, анальгин, бутадион жана башкалар кирет. Булар түрдүү орган менен ткандардын сезгенүүдөн келип чыккан оорусун басат (к. Сезгенүүгө каршы дарылар). Ошондой эле дененин температурасын төмөндөтөт (караңыз. Дененин ысышын төмөндөтүүчү дарылар). Бул дарыларды врачтын сунушу боюнча гана колдонуу керек. Анальгин, амидопирин, фенацетил дарыларын өз алдынча узакка кабыл алуудан кан пайда болуу процессинин бузулушу, аспиринди врачтын контролусуз такай ичүүдөн карындын былжыр чели бузулуп, канашы, кулак чуулдап, укпай калуу мүмкүн.

Спазмы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички органдардын спазмы болгондо да оору катуу сезилет. Аны спазмды жазма дарылар, кан тамырды кеңейтүүчү дарылар басат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8