Анжеланын топурагы

Википедия дан

"Анжеланын топурагы: Эскерүүлөр" (англ. Angela's Ashes) — ирландия-америкалык жазуучу Фрэнк Маккорттун 1996-жылы жазылган эскерүүлөрү болуп саналат. Эскерүүлөр Фрэнк Маккорттун балалыгындагы ар кандай анекдоттордон жана кыскача аңгемелерден турат. Эскерүүлөрдө анын Нью-Йорктун Бруклининдеги алгачкы балалык кездерин сүрөттөлүп, бирок көбүнчөсү анын Ирландиянын Лимерик жергесиндеги жашоосуна басым жасалат. Ошондой эле анда Маккорттун жакырчылык менен анын атасынын ичкиликке берилип кеткени менен күрөшүн да камтыйт. Китеп 1996-жылы басылып чыгып, 1997-жылы "Пулитцердин" "Биография же автобиография" сыйлыгын жеңип алган. Анын уландысы "Тис" 1999-жылы жарык көрүп, андан кийин 2005-жылы "Окутуучу киши" басылып чыккан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Америка (китеп ошол жакта аяктайт) баргандан кийин Фрэнк Нью-Йорк шаарындагы Билтмор мейманканасына жумушка орношуп, ал жакта 1951-жылга чейин иштеп калат. Фрэнк корея согушу учурунда Германиянын Бавариясындагы бекетке тандалып алынат. Милдетин аткаргандан кийин Фрэнк Нью-Йоркко кайтып келип, Нью-Йорк университетине өткөнгө чейин ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн. 1957-жылы англис тил багытында бакалаврын аяктагандан кийин Маккорт Нью-Йорктогу мектептерде сабак бере баштаган. Андан соң ал өзүнүн магистрдик даражасын алып, кийин доктордук даражасын алыш үчүн Дублинге барганы менен бирок бүтүрбөй калган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Анжеланын топурагы" 1997-жылы "Пулитцердин" "Биография же автобиография", 1996-жылы Китеп сынчыларынын улуттук чөйрөсүнүн (Биография) жана 1997-жылы Boeke сыйлыктарына ээ болгон.

Ал 1998-жылы "Жылдын ирландия тектүү америкалык инсаны" деп табылган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]