Анизотропия тоотектери

Википедия дан

Анизотропия тоотектери - касиеттери (деформациялык, электрдик, жылуулук, магниттик, оптикалык жана башка) түрдүү багыттар боюнча бирдей эмес тоотектер. Минералдардын жана тоотектин анизотропиялуулугу тоотектердин микрокатмарланууга, бүртүкчөлөрдүн жана кристаллдардын иреттүүлүгүнө жана микрожаракалуулугуна байланыштуу. Тоотек массивдеринин аназотропиясы ири структуралык элементтердин иреттүү жатышы менен аныкталат; тоокен иштерине киришүүдө, бузуу ыкмаларын тандоодо деформациялык Анизотропиянын мааниси зор; ал кысууда жана чоюуга бышыктык чегине же деформация модулуна карата аныкталат. Мисалы, көмүрдүн деформациялык модулу 1,22, кумдуктуку 1,28, алевролиттики 1,61.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1