Анилин

Википедия дан

Анилин, аминбензол, фениламин, – эң жөнөкөй арил амини. Мол. масс. 93,2. жаңыдан синтезделип алынган А. сууда начар эрүүчү, түссүз, өзгөчө жыттуу суюктук, – 6,15оС эрип, 184,4оС кайнайт. Абадагы кычкылтек менен түсүн адегенде саргыч, андан ары күрөң түскө өзгөртөт. Анын буусу уулуу. Спирт жана бензол менен жакшы аралашат. Тыгызд. 1,02.г/см3 О. Унфердорбен 1826-ж. жаратылыш боёгу-индигону акиташ менен кургак буулантып айдоодон биринчи жолу А. бөлүп алган жана «кристаллин» деп атаган. Ф. Рунге 1834-ж. аны таш-көмүр чайырынын курамынан таап (Ф. Рунге) аны «кланол» деп атаган. Ю. Фрицше 1841-ж. индигону КОН менен ысытып, буулантуудан алган жана аны «анилин» деп атаган. А. ислам тилинде индиго-anil деген сөздөн алынган. 1842-ж. Н.Н. Зинин биринчи жолу синтездик ыкма менен Казань университетинин лаб-ясында, нитробензолду аммоний сульфиди менен калыбына келтирүүдөн алган жана «бензидам» деп атага

C6H5NO2+3(NH4)2S C6H5NH2+6NH3+3S+2H2O

Кийинки жылдарга чейин ө.ж-да А. нитробензолду суюлтулган туз к-тасынын катышуусунда темир таарындылары менен калыбына келтирүүдөн алынып келген (Н.Бешан):

C6H5NO2+2Fe+6HC lC6H5NH2+2FeCl3+2H2O

Лаб-ялык шарттарда – А-ди көбүнчө нитробензолду конц. туз к-тасынын катышуусунда металл түрүндөгү калай менен калыбына келтирүүдөн алуу колдонулат:

2C6H5NO2+3Sn+14HCl 2C6H5NH2+HCl+SnCl4+4H2O

Азыркы кезде дүйнө жүзүндө 1 млн т-дан ашык А. чыгарылат. Негизинен ал нитробензолду 200-300оС, газ фазасында, катализатор катарында NiS/Al2O3 же CuSiO2 колдонуп, суутек менен калыбына келтирүүдөн алынат:

NiS/Al2O3

C6H5-NO2+3H2 C6H5-NH2+2H2O

А. минералдык к-талар менен туздарды (C6H5NH3Cl), орг. к-талар менен анилидди (мис., уксус к-тасы менен ацетанилид) пайда кылат. А. метилдөө, диазоттоо реакцияларынан боёк алууга колдонулуучу моно жана диметиланилид алынат. А. ө.ж-да боёк, дары-дармек жана полимерлерди алууда, каучуктарды вулканизациялоо процессин ылдамдатууда жана башка тармактарда кеңири колдонулат. Туздарынын ичинен C6H5NH3Cl жогорку мааниге ээ, ал текстиль ө.ж-да чыттарга сүрөт түшүрүүдө колдонулат. А. буусу уулуу зат болгондуктан адам борбордук нерв системасына таасир этет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]