Анкеталык метод

Википедия дан

Анкеталык метод – айрым педагогика жана психологиялык маселелерди чечүү үчүн материал топтоп, андан кийин аны математикалык статистика жолу менен талдап чыгуу максатында бир нече кишилерге атайын түзүлгөн схема–суроолор берип чечүү. Кээ бир массалык факттарды айкындоодо, адамдардын өз ара катнашын баалоодо, кээ бир факт жөнүндөгү коомчулуктун ой-пикирин үйрөнүүдө, социологиялык изилдөөлөрдө анкеталык метод кеңири колдонулат. Ал аңгеме методуна көп окшош: бул методдордун экөөндө тең суроолор коюлуп, аларга жооптор алынат. Бирок, аңгеме методуна караганда анкеталык методдо суроолордун жана жооптордун логикалык конструкциясы эч өзгөрүлбөй туруктуу бойдон калат, аңгемеде болсо суроолордун коюлушу жана аларга берилүүчү жооптор эркин түрдө болот. Аңгеме методунда аны өткөрүүчү адамдан эң чоң устаттык, терең билим, эрудиция, теориялык мыкты даярдык жана адамды өзүнө тарта билүү сыяктуу бир катар сапаттар талап кылынат, ансыз аңгеме методу менен эффективдүү жыйынтыкка жетишүүгө болбойт. Анкеталык методдо болсо негизги кыйынчылык суроолорду туура тандап формулировкалоодо турат. Бул методдогу иштин эң негизгиси суроолорду билгичтик менен коюп, аларга берилүүчү мүмкүн болгон жооптордун стандарттуу варианттарын туура аныктоо керек. Эгерде үйрөнүлүп жаткан фактыны, окуяны же кубулушту баяндоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды толук ичине камтыган суроолордун тизмеги түзүлгөн болсо, анда ал түзүлгөн анкета боюнча керектүү маалыматтарды ар кандай эле киши топтоп ала алат, ал гана эмес анкетаны почта аркылуу таратып, каалаган территориялардагы адамдардан да анын суроолоруна тиешелүү жоопторду алууга болот. Мазмуну боюнча анкетада берилүүчү суроолор түз жана кыйыр суроолор деп эки топко бөлүнөт.
Мисалы: эгерде суроо «Сизге мугалимдик профессия жагабы?» деп берилсе, анда бул суроо түз мааниде берилет. Ошол эле суроону «Мугалимдик профессия жакшы профессиялардын бири деген ойго сиз макул боло аласызбы?» деп кыйыр мааниде да коюу ылайыктуу. Биринчи учурда изилдөөчүнүн аталган адистикке болгон кызыкчылыгы суроонун мазмунунда кошо камтыган. Экинчи учурда болсо изилдөөчүнүн кызыкчылыгы суроонун мазмунуна карама-каршы келип жатат.Формасы боюнча анкетада берилүүчү суроолор ачык жана жабык болушу мүмкүн. Эгерде анкетадагы суроолорго жооп берүүнүн жолдору инструкция менен чектелбесе, б. а. күтүлүүчү жооптор алдын ала аныкталып берилбесе, анда андай суроолорду ачык формадагы суроолор дешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,