Анкета ыкмасы

Википедия дан

Анкета ыкмасы — конкреттүү социалдык, тарыхый этнографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн техникалык жолдорунун бири. Анкета методу көпчүлүктүн (элдин, социалдык топтун, катмардын ж.б.) белгилүү бир маселеге тиешеси бар экенин же пикирин аныктоо үчүн колдонулат. Анкета 3 түрдүү толтурулат: 1) жекече; 2) группалык ыкма; 3) почта аркылуу суроо-жооп алуу. Жыйналган маалыматтарды талдоодо алынган маалыматтарды чындыкка шайкештигине басымдуу маани берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]