Анна Павлова

Википедия дан

Павлова Анна Павловна [31. 1 (12. 2). 1881, Санкт-Петербург – 23. 1. 1931, Гаага] – орус балет артисти. 1899-ж. Императордук театр окуу жайын бүтүрүп, Мария театрында иштеген. 1907-ж. К. Сен-Санстын музыкасы боюнча «Өлүп бараткан ак куу» хореографиялык этюду менен таанылган. 1909-ж. театр ишмери С. Дягилевдин «Орус сезону» долбооруна катышып, дүйнөгө белгилүү болгон. 1910-ж. Павлова өз труппасын түзүп, көп өлкөлөрдө гастролдо болгон. А. Павлова Роесиянын сахнасында 1914-ж. акыркы жолу бийлеп, ошол эле жылдан Англияда жашап калган. Орус бий мектебинин реалисттик салттарын дүйнөгө тааныткан. Классикалык балеттердин (П. И. Чайковский, «Щелкунчик»; Ц. Пуни, «Конёк-горбунок»; А. Глазунов, «Раймонда»; Л. Минкус, «Баядерка»; А. Адан, «Жизель» ж. б.) башкы партияларын бийлеген. А. Павлованын өнөрүнө музыкалуулук, бийдин психол. мазмундуулугу, эмоциялуулугу, жанрдык көп кырдуулук мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]