Анна Снаткина

Википедия дан
Анна Снаткина
Төрөлгөндөгү ысымы:

Анна Алексеевна Снаткина

Туулган датасы:

13 -июль 1983(1983-07-13) (40 жаш)

Туулган жери:

Москва, РСФСР, СССР

Жарандыгы:

 Орусия

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

2002 — азыркы учурда

IMDb:

ID 2020858

snatkina.ru

Анна Снаткина (орус. Анна Снаткина, төр. 13-июль 1983, Москва, РСФСР, СССР) — Орусиялык актриса .

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анна Снаткина 1983-жылы 13-июлда Москва шаарында төрөлгөн. Ата-энеси жөнөкөй авиакуруучулар болушкан. Атасы Аннаны 4 жашынан баштап спорттун алгач гимнастика бөлүмү­нө, кийинчерээк аэробика бөлүмүнө машыгууга берген. Анна 13 жыл спорт менен алектенген. Ал эми кино багытына өткөндөн кийин спорт Аннанын жашоосунда жөн гана хобби катары кала берген.8-классты аяктагандан кийин театр багытына кадам таштайт. Анткени, ошол учурда эле Анна мектеп окуучусу болгонуна карабастан кичинекей балдарга аэробикадан машыктыруучу болуп да эмгектенген. Театрга жана киного болгон кызыгуусу артып, алгач искусстводон курстарга катышып жүргөн болсо, кийинчерээк кинематография институтунан билим алган. Мындай атак-даңкка жеткенге чейин студент кезинде дагы бир топ кыйынчылыктарды көргөн. Экинчи курстун аягында болсо Анна Снаткинага “Московская сага” сериалындагы Е.Градованын ролун аткаруу сунушу түшкөн. Мындан көп узабай эле 2003-жылы Нина Стасованын ролу менен “Участок” сериалына тартылган. Ушундай жол менен кинодогу тушоосу кесилип, 2005-жылы “Обреченная стать звездой” телесериалында Женя Азарина болуп, популярдуулуктун чокусун багындырган. Андан тышкары, “Вызов” (Катя), “Аэропорт” (Маша Снегирева), “Боец” (Виктория Варшавская), “Я не вернусь” (Катя, Маша эгиз кыздар) кинолорунда баш каармандардын ролун жараткан. Ал эми Анна Снаткинаны көпчүлүк “Татьянин день” сериалынан кийин жакшы таанып калган.

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]