Анортит

Википедия дан
Анортит.

Анортит (грекче anorthos - кыйгач, кыйшык) - плагиоклаздар тобундагы минерал. Химиялык формуласы Ca[Al2Si208]. Триклин сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6. С. салмагы 2,76. Өңү ак, көгүш кызгылт, айнек сымал жалтырак. Таза анортит сейрек кездешет. Скарн менен роговиктерде, кээде метеориттерде жолугат. Анортит - негиздүү магма тоотектерди түзүүчү минералдардын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1