Антаблемент

Википедия дан

Антаблемент (французча  entablement, англ. entablature, нем. Gebalk) – горизонталдык төрт кырдуу устундар системасынын арх-ралык образын түзгөн ордердин негизги үч бөлүгүнүн бири, анын үстүңкү бөлүгү. Өз ара 3кө бөлүнөт: 1) асты – дубалда же колонналардын (түркүктөрдүн) баш жагында (капителинде жатуучу архитрав; 2) ортосу – үстүңкү бети архитравдын үстүңкү бети менен бирдей тегиздикте жаткан фриз; 3) үстү-үстүнөн карниздер системасы менен бүткөн жана алдыга чыгып турган бөлүгү. Бул бөлүктөрдүн бийиктик катыштары ар кайсы доорлордо ордерлер менен курулуштарда ар башка. Көпчүлүк учурларда фриз бийиктиги б-ча архитравга барабар же андан бир аз бийик болот, бирок бул бийиктик бир жарым эседен ашпайт. Ал эми карниз фризге барабар же андан бир аз чоң болот. А-тин бийиктиги жалпысынан колоннанын бийиктигине болжол менен 1х4дей тиешелүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]