Антарктикалык климат

Википедия дан

Антарктикалык климат - Антарктиданын жана аны чулгаган океан мейкиндиктеринин климаты. Материктин климаты өтө катаалдыгы (кышында абанын температурасы -60...-70°Сден төмөн болуп, жылына 100 ммден аз жаан-чачын жаайт), аба ырайында антициклондук режимдин үстөмдүк кылышы менен өзгөчөлөнөт. Жээктеринде жайкы температура 0°Сге чейин жетет. Океан мейкиндигинде атмосфералык басым өтө өзгөрүлмөлүү келип, ургаалдуу циклондук аба агымдары жаан чачын жана катуу шамалдарды пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1