Антивирустук программа

Википедия дан
Антивирустук программа.

Антивирустук программа (англ. Antivirus software) - Компьютерди вирустан коргоо үчүн иштелип чыккан антивирус програмдары айтылат. Антивирус програмдарында баштапкы жүктөө програмын, иштетүү системдерин жана башка програмдарды өзгөртүүгө аракеттенген програмдарды издөө иши програмдалат. Антивирус програмдары вирустун белгиси деп аталган белгилүү вирустун кодун аныктаган моделди издейт жана аны файлда сакталган вирус белгиси менен салыштырат. Вирус белгиси файлы дайыма өзгөртүлүп турат, себеби жаңы табылган вирустар белгиси улам кошулуп турат. Мындай өзгөртүлүп турган файл менен антивирус програмдары үчүн көпморфтуу (полиморфтуу) вирустардын белгиси табуу кыйындыкты түзөт. Көп морфтуу вирустар башка програмдарга же файлдарга өзүн кыстарып, алардын кодун өзгөртүү үчүн иштелип чыгат. Коддорду текшерүүгө болбогондуктан полиморфтуу вирусту вирустун белгиси боюнча табууга болбойт. Антивирустук программалардын милдеттерине вирустарды жоюу үчүн програмдык файлдарга эмдөөнү аткаруу кирет. Програмдык файлга эмдөө жүргүзүлгөндө файлдын өлчөмү жана файл түзүлгөн дата сыяктуу маалыматтар өзүнчө эмдөө файлына катталган болот. Бул маалыматтарды колдонуп, эмдөө програмы вирус жуккан програмдык файлдар жөнүндө кабарлайт. Айрым татаал вирус програмдары табылбаганга аракеттенет. Эгерде вирус биздин програмга жукса баштапкы жукпаган файлдын өлчөмүн жана түзүлгөн датасын эмдөө файлына кабарлап коeт. Табылбаганга аракеттенген методдорду колдонгон вирустар жашырынган вирустар деп аталат.[1][2]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кандай анти – вирус программасы жакшы-Билды же др.Web
  2. SentinelOne - жасалма интеллекттүү антивирус