Антиген-антитело реакциясы

Википедия дан
иммундук комплекстин.

Антиген-антитело реакциясы - иммундук комплексти пайда кылуучу антигендин өзгөчө антитело менен байланышы. Бул реакция антитело жана антигендин структураларынын дал келиши менен мүнөздөлөт. Антиген менен антитело өз ара байланышканда гидрофобдук, суутектик, электрстатикалык, Ван-дер-Вальс байланышы пайда болот. Түрлөрү агглютинация, преципитация (тунма пайда болуу), токсиндерди зыянсыздандыруу, цитолиз реакциясы жана башка. Ал гумордук иммунитеттин негизи. Токсиндерди нейтралдоо, ооруга чалдыктырган микроорганизмдерди, организмдин өзгөргөн клеткаларын жок кылуу бул реакция менен башталат. Ошондой эле иммундук комплекстин пайда болушу - анафилаксия, аутоиммундук оорулар жана башкалардын патогендик механизми.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]