Антизат

Википедия дан

Антизатантибөлүкчөлөрдөн түзүлгөн зат.

Антизат атомунун ядросу антипротондор жана антинейтрондордон түзүлөт, оболочкасындагы электрондордун ордун позитрон ээлейт. Зат менен антизат аннигиляцияланган учурда эң чоң энергия бөлүнүп чыгышы мүмкүн. Азыркы кездеги теория боюнча атом ядросунун бекемдигин камсыз кылуучу ядролук күчтөр жана атом менен молекулалардагы электрондордун конфигурацияларынын туруктуулугун камсыздандырган электр-магниттик жана алмашуу күчтөрү, бөлүкчөлөр жана антибөлүк-чөлөр үчүн бирдей иштейт.

1965-ж. эксперименталдык жол менен бөлүкчөлөрдөн кандай комплекстер түзүлсө, о. эле комплекстерди (бир бирдикти түзүүчү зат) антибөлүкчөлөрдөн да алууга мүмкүн экендиги далилденген. Л.Ледермандын жетекчилиги алдында физиктердин тобу бөлүкчөлөрдүн ылдамдаткычында биринчи антиядро-антидейтронду алышкан. 1969-ж. Ю.Д.Прокошкиндин (Серпухов ш.) жетекчилигинде протон ылдамдаткычта антигелий-3, 1974-ж. антитритий ядролорун катташкан. Ааламда азырынча Антизаттын топтолгон түрү табыла элек.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0