Мазмунга өтүү

Антипина Клавдия Ивановна

Википедия дан

Антипина Клавдия Ивановна (1903 - 4. 10.1996, Бишкек) - көркөм өнөр таануучу, тарых илимдеринин кандидаты, КРнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (Кыргыз Совет Энциклопедиясынын ишине активдүү катышкандыгы үчүн). Кыргыз ССРинин маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1974). 1931-жылы Москва университетин антропология адистиги боюнча бүтүргөн. 1937-жылга чейин ВКП(б) БКнын басма үйүндө редактор, күйөөсү репрессияланганга байланыштуу Кыргызстанга келип, 1937-46-жылы Фрунзеде (азыркы Бишкек) кечки мектепте мугалим, Агартуу министрлигинин методика кабинетинде, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда иштеген. 1946-54-жылы СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын тарых музейинде кенже илимий кызматкер, Кыргыз кыз-келиндер институтунда окутуучу, 1955-жылдан Кыргызстан ИАнын Тарых институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. Ал «Түштүк кыргыздарынын материалдык маданиятынын жана колдонмо өнөрүнүн өзгөчөлүктөрү» аттуу илимий жактан өтө баалуу монографиянын (кийин ал эмгеги АКШда англис тилинде да чыккан), «Кыргыздын элдик өнөрү» жана башка эмгектердин автору. Ошондой эле «Дархан, Чычкан айылдарында жашаган колхозчу кыргыздардын үй тиричилиги» деген коллективдүү китепти жазууга катышкан. Антипина кыргыз колдонмо өнөрүн эң мыкты билген, изилдеген жана аны дүйнөгө таанытууга зор салым кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1