Антителолор

Википедия дан

Коронавируска антителолор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антителолор же иммуноглобулиндер – иммундук системанын кайсы инфекциялык агент болбосун, анын ичинде CoV-2нин атүгүл анык белгилери болбосо да, анын адам организмине келип түшүүсүнө жооп катары иштеп чыккан атайын белоктор. Антителолор коронавирусту тааныйт, инфекция тууралуу маалыматты анын жаңы инфекция менен кезигүү кырдаалына карата зыянсыздандырат жана ал тууралуу маалыматты сактайт[1].

Антителолордун түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антителолор иммуногендик стимулдун таасири астында пайда болгон клеткалар аралык аракеттешүүнүн жыйынтыгында жаралат. Клеткалык кооперацияда клеткалардын үч түрү катышат: макрофагдар (А-клеткалар), тимустан пайда болгон лимфоциттер (Т-лимфоциттер) жана жүлүн тектүү лимфоциттер (В-лимфоциттер). Т- жана В-лимфоциттер үстү жагында ар түркүн өзгөчөлүү антигендер үчүн генетикалык жактан аныкталган рецепторлорго ээ. Ошентип, антигенди аныктоо – бул ушул бөтөнчөлүктүн рецепторлорун кармаган Т- жана В-лимфоциттерди иргеп алуу (селекциялоо). Иммундук жооп төмөнкү схема боюнча ишке ашырылат. Антиген организмге түшүп, макрофагдарга жутулат жана аталган антигенге конкреттүү Т-лимфоциттердин (жардамчылар) иммуноглобулин сыяктуу рецепторлору аркылуу таанылган иммуногендик формага айлантылат. Иммуноглобулиндик рецепторлор менен байланыштуу антиген молекулалары Т-лимфоциттердин ажырайт жана имммуноглобулиндердин Fc-рецепторлору аркылуу макрофагдарга бириктирилет. Ушундай жол менен макрофагдарда В-лимфоциттердин өзгөчөлүү рецепторлору тарабынан таанылган антигендик молекулалардын “тобу” пайда болот. Мына ушундай топтоштурулган сигнал гана В-лимфоциттин (жол көрсөтүүчү) плазматикалык клеткага катмардашуусун жана айырмалануусун пайда кылышы мүмкүн. Демек, Т- жана В-лимфоциттер ар түрдүү детерминанттарды антигендин бир молекуласынан тааныйт. Клеткалык кооперация эки эселенген таануу бар болгон учурда гана мүмкүн. Эки эселенген таануу кубулушу Т-жана В-лимфоциттер чоочун антигендик детерминантты өз организминин гистошайкештигинин негизги комплексинин гендеринин туунду топтомунда гана тааныйт. Антигендик детерминаттар антигендин иммундук формага айлануу процессинде макрофагдардын беттеринде, ошондой эле лимфоциттердин беттеринде өздөрүнүн үстүңкү түзүмдөрү менен биригет. Антителолорду бөлүп чыгаруу жана аларды тазалоо. Бөлүп чыгаруунун конкреттүү жана конкреттүү эмес методдорун айырмалашат. Конкреттүү эместерге жыйынтыгында А., менен байытылган фракцияларды, көп учурда lgG-антителасын алышкан иммундук чөкмөлөрдүн (сыворотка) бөлүнүшүн алышат. Аларга иммуноглобулиндерди кычкыл күкүрттүү аммоний же кычкыл күкүрттүү натрий менен туздоо, иммуноглобулиндерди спиртке чөктүрүү, даярдоочу электрофорез же ион алмашуучу хроматография же гель- хроматография усулдары кирет. Атайын тазалоо А.нын антигендүү комплекстен бөлүнүп чыгуусуна негизделген жана бир өзгөчөлүктөгү, бирок физика-химиялык касиеттери жагынан гетерогендүү А.нын алынышына алып келет. Процедура төмөнкү баскычтардан турат: өзгөчөлүү преципитаттын (антиген-антитело комплекси) алынышы жана аны чөкмөнүн башка компоненттеринен тазалоо; А.ны антигенден алардын молекулярдык массасындагы айырмачылыктардын, заряддын жана башка физика-химиялык касиеттеринин

негизинде бөлүнүшү. А.нын бөтөнчө бөлүнүүсү үчүн иммуносорбенттерди – антиген бекитилген эрибеген ташуучуларды кеңири колдонушат. Бул учурда А.ны алуу жол-жобосу кыйла жөнөкөйлөшөт да, иммундук чөкмөнү иммуносорбент мамычалары аркылуу коё берүүнү, иммуносорбентти чөкмөнүн байланыштырылбаган белокторунан жууган, рНдин аз өлчөмүндө иммуносорбентке бекитилген А.ны бөлүп алган, ажыратылган агентти диализ жолу менен жок кылган аракеттерди камтыйт[2].

Анализдерди кантип түшүнүү керек[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгерде анализдердин жыйынтыгында IgM жана IgG антителолору табылбаса, демек, адамдын организми вирус менен али кездеше элек. IgM – оң, а IgG – оң — адам коронавирус менен ооруган жана ага иммунитети бар. Бирок вирус бар же жок деп айтуу үчүн кошумча полимераза чынжыр реакция (ПЧР/ПЦР)-анализ жүргүзүү керек. Анткени ИФА-тесттер антителолордун бар экенин гана көрсөтөт.

Организмден IgM менен IgGнин табылышы вирус жуктуруп алуу мүмкүндүгүн же баштан өткөн инфекцияны билдирет. Анткени IgM адамдын канында вирус жок болгон учурда деле сакталышы мүмкүн, ал эми IgG организмде жарым жылга чейин сакталып тура алат[3].

Жыйынтыктын чечмелениши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эгерде Ig M (+) табылса, IgG (-) табылган жок: Мындай жыйынтык инфекциянын, айрыкча оорунун белгилери бар болгон учурдагы курч формада өтүү белгиси болушу ыктымал. Эгерде адам кайсы бир өнөкөт оорудан жабыр тартса, жаӊылыш оң жыйынтык да чыгып калышы ыктымал. Мындай учурда сүртүмдү ПЧР усулу менен тапшыруу керек. Эгерде анын натыйжалары оорунун бар экенин көрсөтпөсө, анда антителого тестти 2- +3 жумадан кийин кайталоо керек.

Эгерде IgM (+) табылса, IgG (+) булар табылат: Канда дароо эки иммуноглобиндин болуусу бул учурда ачык симптомдор жок болсо деле, оорунун активдүү фазада өтүп жатканын көрсөтөт. ПЧР анализди бул учурда айыгууну аныктоо үчүн кечирээк жасоо сунушталат.

Эгерде IgM (-) табылган жок, IgG (+) табылды: Эгерде пациенттин канында lgG түрүндөгү антитело гана табылса, анда бул мурда баштан өткөн инфекцияны көргөзөт.

Эгерде IgM (-) табылган жок, IgG (-) табылган жок: Антителолор жок болгон учурда инфекция жокко чыгарылат. Бирок эгерде ПЧР-сүртүм оң болгон болсо, каталык кетпес үчүн, кайталап тестирлөө жүргүзүү керек[4].

Референстик маанилер:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

азыраак 0,9 – терс натыйжа 0,9 – 1,0 – ортодогу натыйжа 1,0 – оң натыйжа IgG классындагы антелону табуу инфекция менен мурда жолугууга жооп кылган иммундук жооптун бардыгын билдирет жана баштан өткөн оорунун белгиси болуп эсептелет.

Коронавируска антителонун бардыгын аныктоого атайын даярдык керекпи?

Даярдык керек эмес. Изилдөө үчүн эртең менен ачкарын же күндүзү медициналык кеӊселердин жумушчу сааттарында тамактангандан кийин 3 сааттан кийин көк кан тамырдан кан тапшырылат. Газсыз таза суу ичүүгө болот[5].

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 19 -январь (үчтүн айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 19 -январь (үчтүн айы) 2021.
  2. https://yandex.ru/q/question/science/kak_obrazuiutsia_antitela_3b1170ea/
  3. https://zdorovie.akipress.org/news:1635297
  4. https://zdorovie.akipress.org/news:1635297
  5. https://zdorovie.akipress.org/news:1635297