Анти-Дюринг

Википедия дан

Ф. Энгельстин «Евгений Дюринг иштеп чыккан илимдеги өзгөрүш» деген китебинин кеңири тараган аталышы. Анда марксизмдин негизги бөлүктөрү баяндалат: 1) диалектикалык жана тарыхый материализм; 2) саясий экономия; 3) илимий коммунизмдин теориясы. «Анти-Дюрингде философиялык, табигый жана коомдук илимдердин улуу маселелери чечилген. Бул таң каларлык мазмундуу жана көп окулуучу китеп» (В. И. Ленин т. 2. 11–б.). К. Маркс «Анти-Дюринг» менен таанышып чыгат да, саясий экономиянын тарыхы боюнча глава жазат. (2-бөлүмдүн 10-главасы). 1878-жылы китеп өзүнчө басылып чыккан. Энгельс «Анти- Дюрингдин» биринчи бөлүмүндө диалектикалык жана тарыхый материализмдин негизин баяндайт жана философиянын негизги суроосуна материалистик жооп берет. ж. б. «Анти-Дюрингде» материянын кыймылын формаларына жана илимдин классификациясы маселелерине түшүндүрмө берилет. Энгельс диалектиканын мүнөздөмөсүнө, анын негизги мыйзамдарына, диалектикалык жана формалдык логиканын мамиле маселелерине көп көңүл бурат. «А. Д-де» табият таануу илиминин проблемалары: Дарвиндин теориясы, органикалык клетканын ролу жана жашоонун маңызы, Канттын космогониялык гипотезасы каралат. Энгельс экинчи бөлүмүндө Дюрингдин көз караштарын сындайт, саясий экономиянын предметин жана методун аныктайт, Маркстын товар жана анын баасы жөнүндөгү окуусун дагы баяндайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (Энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,ISBN 9967-14020-8