Анткордук (укук)

Википедия дан

Анткордук – ооруну же анын айрым белгилерин атайылап жалган тууроо, болбосо оорусунун белгилерин атайылап күчөтүп көрсөтүү (Анткордуктан айырмаланып, анын так мааниси «аггравация» аталат). Ал пайдакечтик үчүн же жеке кызыкчылыктан улам (эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул алуу үчүн, аскердик кызматтан качуу үчүн) жасалат. Анткордук дене-бой кемчилигин атайылап жалган көрсөтүү (төкөрдүк, дүлөйлүк), дене-бой дарты (соматикалык), жин оорусу, акыл-эсин алдыруу түрүндө, ошондой эле оорусунун деңгээлин атайылап күчөтүп көрсөтүү (аггравация) таризинде байкалат. КР мыйзамдары эгер ал аскердик кызмат милдетин өтөөдөн качуунун амалы болуп саналса, кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилейт.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7