Антонин Дворжак

Википедия дан

Антонин Дворжак (8. 9. 1841, Нелогозевес, Влтаве – 1. 5. 1904, Прага) – чех композитору жана дирижёр, Прага жана Нью-Йорк консерваторияларынын профессору. Бала кезинен элдик ыр-күүлөрдү сүйгөн, алар анын чыгармачылыгынын башаты болгон. Музыка менен өз алдынча алектенип, кийин айылдык оркестрде скрипкада ойногон. Жалпы билим берүүчү мектепти бүткөндөн кийин органда, альтта ойноону үйрөнгөн. 1857-ж. Прага орган мектебине кирет, 1859-ж. аны бүтүрүп, Прагада жаңы ачылган Убактылуу театрдын оркестринде иштейт. 1860-жылдан бир нече симфоникалык жана камералык чыгармаларды, кыл аспаптар квинтетин, квартетин, симфонияларды жана «Кипаристер» ыр циклдерин жараткан. Ал – «Аль фред», «Король жана көмүрчү», «Винда», «Кежирлер», «Айлакер дыйкан», «Дмитрий», «Армида», «Суу периси» жана башка опералардын, «Славян бийлери» симфониясынын, «Ыйык Людмила» ораториясынын, фортепьяно үчүн пьесалардын жана башка автору. Прагада Дворжак коому жана музейи (1932-жылдан) бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия