Антонис ван Дейк

Википедия дан

Ван Дейк, Антонис (1599–1641) – фламанд живописчиси. 1609-ж. Х. ван Баленден таалим алган. 1615–16-ж. менчик өнөрканага ээ болуп, жаш сүрөтчүлөр менен бирге “Апостолдордун баштары” аттуу серияны жараткан. 1618–20-ж. П. П. Рубенске жардамчы болуп, анын чеберчилигин үйрөнгөн. В. Д. диний-мифологиялык темада “Ыйык Пётрдун жаза тартышы” (1615–17-ж. чен. Брюссель, Эски искусство музейи), “Юпитер менен Антиопа” (1617–18-ж. чен Гент, Көркөм искусство музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1621-жылдан Италияда жашап, Рим, Венеция, Генуянын сүрөт искусствосу менен таанышкан. Анын чыгармачылыгында Генуяда тарткан портреттери маанилүү орун ээлейт. Рубенс мектебинин тажрыйбасы менен Венеция сүрөт искусствосунун алдыңкы салттарын чебер айкалыштыра алган. Буга “Мадонна дель Розарио” (1624, Палермо), “Египет жолундагы өргүү” (1620-жылдар, Мюнхен) жана башка сүрөттөрү мисал болот. 1632-ж. Карл Iнин чакыруусу менен Англияга келип, ак сарай сүрөтчүсү болгон. Өмүрүнүн акыркы жылдарында анын чыгармачылыгынын кедери кетип, сүрөттөрүндө кургак салтанаттуулук өкүм сүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]