Антонов Олег Константинович

Википедия дан

Антонов Олег Константинович [25. 1 (7. 2). 1906, азыркы Москва облусу, Подольск району, Троицы кыштагы - 4. 4.1984, Киев] - авиаконструктор, техника илимдеринин доктору, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966), УССР ИАнын академиги (1968), СССР ИАнын академиги (1981). Ленинграддагы Калинин атындагы политехникалык институтту бүтүргөн (1930). А. С. Яковлевдин конструктордук бюро бөлүмүндө (ОКБ) жетектөөчү инженер (1938-40), ошол эле бюродо башкы конструктордун 1-орунбасары (1943-46), башкы конструктор (1946), Киевдеги кайрадан уюштурулган авиация. конструктордук бюро бөлүмүнүн генералдык конструктору (196284). Антоновдун жетекчилиги менен Ан-8, Ан-12, Ан-22 («Антей»), Ан-32, Ан-72, Ан-124 («Руслан») транспорт самолёттору, көп максатта колдонулуучу Ан-2, Ан-14, Ан-28 самолёттору, Ан-10, Ан-24 жүргүнчүлөр самолёттору, планерлор, дельтапландар жасалган; транспорт самолётунун автоматташтырылган долбоорлоо системасын иштеп чыккан, авиакуруу ишинде желим менен каңдап бириктирүүнү жана композициялык материалдарды киргизген, авиакурулуштун экономикасынын ыкмаларын өрчүткөн. СССР Жогорку Советинин 5, 7, 9-шайланышынын депутаты. СССР Мамлекеттик (1952) жана Лениндик (1962) сыйлыктын лауреаты, 3 Ленин жана башка ордендер, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1