Антрахинон

Википедия дан
Антрахинон.

Антрахинон, С14Н8О2 – орг. бирикме, ачык сары түстүү кристалл. Балкып эрүү t 286оС; кайноо t 379-381оС; d20 (катуу) 1,419-1,438, ысык толуолдо, анилинде жана нитробензолдо эрийт. Спиртте начар ээрийт. А. антраценди окистендирүүдөн же фталь ангидриди менен бензолдон синтезделинет. А. 130оС хлорду таасир эткенде 1,4,5,8-тетрахлоранттрахинон пайда болот, ал эми 60оС бромдоо тетрабромбирикмесин берет. А. белгилүү шартта нитрленет. А. сулфирлөөдө антрахинонсульфок-талар алынат. А. КСIO3, KNO3 же Na2CrO4 щелочтуу эритмелерин таасир эткенде ализарин пайда болот. А. карбонил топтору кетон же хинон топтору ортосундагы касиеттерге ээ. А. боёкторду алуудагы негизги зат. А. сульфирлөө реакциясы өнөр жайларда боёк заттар синтездөө үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]