Антpaкноз

Википедия дан
Антpaкноз.

Антpaкноз (грекче antrax - көмүр жана nosos илдет) - дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрүнүн кебер илдети. Бул илдетке чалдыккан өсүмдүктү каратак басып, бүдүрлүү болот. Aнтpaкноз илдетке чалдыккан үрөн, өсүмдүк калдыгы, топурак, суу, курт-кумурска жана шамал аркылуу таралат. Ал мелүүн климаттуу зонада кезигип жаан-чачындуу жылы айрыкча көбөйөт. Жаңгак, чай жана цитрус өсүмдүктөрү көп чалдыгып, түшүм төмөндөйт. Ага каршы күрөшүүдө которуштуруп айдоону туура жүргүзүү, өсүмдүктүн таза сортторун эгүү; өсүмдүктүн илдеттүү бутагын жазында кыркып, өрттөө, жайкысын бордос суюктугун же аны алмашгыруучу дарыларды колдонуу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1