Анурия

Википедия дан

Анурия—(греч. ἀν- — терс бөлүкчө жана οὖρον — сийдик) бөйрөктүн өтө начарлашынан заара бөлүнүп чыкпай, табарсыктын бош калышы. Ануриянын пайда болушуна бөйрөктүн ар түрдүү ооруга (нефроздор, нефрит) чалдыгуусу (чыныгы Анурия); бала бөйрөксүз төрөлүп же кокусунан жалгыз бөйрөгүн алып таштоо (бөйрөксүз анурия); кан көп кетүү, бөйрөк кан тамырына, аортага кан уюп калуу, шок, узакка ич өтүү же тынымсыз кусуу (бөйрөккө чейинки анурия); бөйрөк чөйчөкчөсүн же бөйрөк түтүкчөсүн таш тосуп, же заара жолдорун шишик басуу (бөйрөктөн кийинки анурия) себеп болот.
Ошондой эле ар түрдүү ириңдүү оорулар (сокур ичегинин, өт баштыкчасынын, уйку безинин, ичегинин түйүлүшү, перитонит, сепсис жана башка) жалпы организмдин ууланышы анурияга алып келет.
Белгилери: зааранын жок болушу, заара менен чыгуучу уу заттардан ууланып (уремия), кусуу, баш ооруп, тил кургоо, ич өтүү, тырышуу, ак шишик басуу. Анурияда токтоосуз врачка кайрылуу зарыл. Дарылоо ануриянын түрүнө, себебине, өтүшүнө жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8