Анaнд Вишванатан

Википедия дан

Анaнд Вишванатан (11.12.1962-жылы туулган, Мадрас) индиялык шахматчы, эл аралык гроссмейстер (1988). ФИДЕнин дүйнөлүк чемпиону (2000), жаштар арасындагы мелдештин жеңүүчүсү (1987). 1991-жылдан дүйнөлүк мелдештердин катышуучусу. 1995-жылы Г. Каспаровго утулган (Нью-Йорк). Көптөгөн Эл аралык мелдештердин [Реджо-нель-Эшилия (1991-92), Линарес (1992 жана 1998) жана башкалар] жеңүүчүсү. Дүйнө кубогунун (Кытай, 2000) жана эң мыкты шахматчыга ыйгарылуучу «Оскар» сыйлыгынын (1997, 1998, 2003 жана 2004) ээси. Москва (1994), Монако (1994), Женева (1996) жана башка шаарларда өткөн тез ойнолуучу шахмат боюнча мелдештердин жеңүүчүсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1