Анepоид

Википедия дан

Анepоид (а... жана грекче neros - суу, башкача айтканда суюктуксуз аракетке келтирүү), барометранероид - атмосфералык басымын өлчөөчү прибор. Ичиндеги аба сорулуп алынган, серпилгич болуш үчүн гофрирделген жука металл кутучадан турат. Абанын басымы көтөрүлгөндө, кутуча кысылып, өзүнө бекитилген пружинаны тартат, абанын басымы төмөндөгөндө, пружинанын ийилгени тартылат да, кутучанын үстүнкү капталы көтөрүлөт. Пружинанын мындай өзгөрүшү рычаг аркылуу ага бекитилген жебеге (В) берилет. Шкала (С) боюнча жебе кыймылдап басымды көрсөтөт. Өлчөө каталыгы 1-2 гПа. Aнepоид алып жүрүүгө ыңгайлуу болгонуктан, бийиктикти өлчөөдө да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1