Апакаева Гүлай Мамыровна

Википедия дан

Апакаева Гүлай Мамыровна (28. 2. 1952, Суусамыр кыштагы - 2007, ошол эле жер) - эл агартуунун алдыңкы мугалими.

  • Фрунзе шаарындагы В. В. Маяковский атындагы кыргыз кызкелиндер педагогикалык институтун бүтүргөн (1977).
  • 1969-жылдан 1970-жылга чейин мектепте пионер вожатый болуп иштеген.
  • 1997-2006-жылдары Суусамыр орто мектебинде мугалим.
  • Бир нече Ардак грамоталар менен еыйланган.
  • 2005-ж. Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн отличниги» наамына татыктуу болгон.
  • Шааболот уруусунан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9