Апатит кенташы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Апатит кенташы - апатит минералынын өлчөмү, бүртүкчөлөрүнүн формалары технологиялык иштетүүгө мүмкүндүк берген жана экономикалык жактан казып алууга арзырлык табигый чогундусу. Апатит кенташы минералдык курамы боюнча силикат-оксидүү, спликаттуу, карбонат-силикаттуу, карбонаттуу жана гидросиликат-гидроксидүү, Р205тин өлчөмүнө жараша бай (16% жогору), орточо (8-16%), жарды (4-8%) жана аз кенташтуу (4% чейин) болуп бөлүнөт. Комплекстүү кенташта (рудада) апатит негизги же кошумча компонент түрүндө кездешет. Минералдык курамына жараша жеңил (Р205 апатит концентраты 90%тен ашык), канааттандырарлык (70-90%) жана татаал (70% тен аз) ылгануучу таштарга бөлүнөт. Силикаттуу (апатит-нефелиндүү жана башка) кенташ жеңил, карбонаттуу жана гидросиликат-гидроксидүүсү татаал ылганат. Ылгоонун негизги ыкмасы - флотация, ошондуктан кенташтагы апатиттин бүртүкчөлөрү 40 мкм төмөн болушу зарыл. Апатит кенташы пайда болуу шартына ылайык магматогендүү, метаморфогендүү жана седиментогендүү болуп бөлүнөт. Алардан магматогендүү магма, апатиттүү-нефелиндүү сиениттердин массиви менен байланыштуу апатит-нефелиндүү (мисалы, Россиядагы Хибин жана Ловозеро, Канададагы Сент-Илер жана башка кендер) жана карбонатиттүү (ультранегиздүү, жегичтүү тоо-тектер жана карбонатиттүү татаал комплекстер менен байланыштуу апатит сейрек металдуу, мисалы, Россиядагы Ковдор, Финляндиядагы Сокли, Силиньярви, ТАРдагы Пхалаборва, Бразилиядагы Тапира жана башка) ошондой эле седиментогендүү - карбонатиттер боюнча үбөлөндү кыртыштан пайда болгон (апатит-франколит-сейрек металлдуу кендер - Россияда Белозима жана Ковдор, ТАРда Палабора, Финляндияда Сокли жана башка) кендердин өнөр жайлык мааниси зор. Апатиттүү жана курамында апатит комплекстүү кенташтардын дүйнөлүк жалпы запасы 1,2 млрд о. Анын г/ Россияда, ошондой эле Вьетнам, Бразилия, ТАР, Финляндия, Уганда, Норвегия, Зимбабве, Канада, Испания, Индияда ири кендери бар. Кыргызстанда апатит ошондой эле Кызыломпол, Сандык тоолорундагы сиениттердин курамында бар. Апатит кенташы (фосфориттер сыяктуу эле) - негизги фосфат кенташтарын түзөт. Негизинен минералдык жер семирткич өндүрүү, фосфор кислотасын жана туздарын, сары фосфорду алуу үчүн, ошондой эле металлургияда, карапа жана айнек өндүрүшүндө пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1