Апахида

Википедия дан

Апахида - 5-кылымдын 2-жарымына таандык Трансильваниядагы археологиялык эстелик. Түндүк-Батыш Румыниядагы Клуж - Напока шаарынын чыгышында, Апахида кыштагынын аймагында бири-биринен 250 мден 500 мге чейинки аралыкта жайгашкан үч көрүстөн. Алгач 1889-жылы, кийин 1968-69-жылы, 1978-79-жылы казылып, бирок толук изилденген эмес. Изилденген көрүстөндөн тереңдиги 2 м келген казанакта жыгач табытка салынып, башы кыбыланы каратып жаткызылган маркумдун сөөгү табылган. 1-көрүстөндө бетине рельефтүү сүрөт түшүрүлгөн 2 күмүш кумура алтын рим фабуласы, билерик, 3 шакек («omharus» жазуусу бар; монограмма; 5 крест түшүрүлгөн), асыл таш чөгөрүлүп, алтындан жасалган кооздук буюмдар жана башка; 2-көрүстөндө оюлуп, сүрөт түшүрүлгөн айнек кубок, саптуу кылыч, бел кур, асыл таш чөгөрүлүп жасалган кооздук буюмдар, ооздук жана башка ат жабдыктары; 3-көрүстөндө асыл таш чөгөрүлгөн алтындан жасалган кооздуктар жана башка кездешкен. Бул көрүстөндөр жогорку катмардагы аристократтар гепиддерге тургузулган болуу керек. Бул бай табылгалар элдердин улуу көчүү доорунда варвар королдуктарынын элитасынын калыптаныш мезгилинен кабар берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1