Мазмунга өтүү

Апенди

Википедия — ачык энциклопедия
Апенди
Насреддин Хожа
Портрет
16 - кылымдагы Апендинин сүрөттөлүшү
Уикиказына Файлдар Уикиказынада

Апенди — түрк элдеринин жомокторундагы айлакер, акылман, куудул, чынчыл, адилет адамдын элдик идеалын туюнткан фольклордук каарман. Апенди Кожо Насреддин, Кожо Насыр Молдо, Насреддин Афанди деген аттар менен кеңири тараган. Анын жүрүм-турумунда, кулк-мүнөзүндө эч кандай жасалмалуулук жок. Ал жөнүндө айтылган окуянын көпчүлүгү кыргыздарга оозеки түрүндө тараса, айрымдары басылып чыккан китептер аркылуу белгилүү болгон. Апендинин окуялары жандуулугу, элдин көз карашына дал келгендиги, хан, бек, кожо, молдо, соодагер, казы, байларды шылдыңдап, карапайым адамдардын мүдөөсүн көздөгөндүгү кыргыз элинин турмушуна сиңип, Апендини эл өзгөчө урматтап, жаңы окуялар менен толуктаган. Эл арасында айтылган ар кандай күлкүлүү окуяларды, өткүр, курч сөздөрдү Апендинин ысмына ыйгара бергендиктен, Апенди жөнүндөгү анекдоттордун казынасы байыган.

Белгилүү окуяларынан: Апендинин айласы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир күнү Апенди мечитке кирип, элге насаат айта баштайт:

— О, момундар! Менин силерге эмне айтарымды билесиңерби?

Жамаат бир ооздон:

— Жок, билбейбиз! – деп жооп берет.

Анда Апенди:

— Эгер эмне айтарымды билбесеңер, анда сөзүмдүн эмне кереги бар? – деп, ордунан туруп, чыгып кетет.

Бир нече күндөн кийин ал кайра келип, эң алгачкы суроосун кайталайт. Бул жолу эл:

— Ооба, билебиз! – деп жооп беришет.

Апенди дагы таң калып:

— Эгер эмне айтарымды билсеңер, анда сөзүмдүн эмне кереги бар? – деп, дагы чыгып кетет.

Элдин башы маң болот. Алар өз ара кеңешип, кийинки жолу Апенди ушул суроону берсе, кээ бирибиз "ооба", калганыбыз "жок" деп жооп берели деп макулдашышат.

Апенди үчүнчү жолу келип, дагы ошол эле суроону кайталаганда, эл макулдашкандай экиге бөлүнүп жооп берет. Анда Апенди минтип айтат:

— Андай болсо, билгендер билбегендерге үйрөтсүн!

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1