Апопеоз (биология)

Википедия дан

Апопеоз (биология) - (апошондой.. жана ptosis - түшүү, басаңдоо) клеткалардын генетикалык аныкталган программа боюнча өзүнөн-өзү бузулуу процесси; тышкы же ички өзгөрүүлөргө жооп иретинде болот, клетканын программаланган өлүмүнүн бир түрү. Кокусунан жабыркаган клетканын өлүшүнөн айырмаланып, апопеоз кадимки физиологиялык процесс болуп эсептелет. Апопеоз бардык көп клеткалуу эукариотторго мүнөздүү. Ал ачыткычтарда байкалып, клеткалардын популяциясынын тең салмактуулугун сактоодо мааниге ээ. Көпчүлүк учурда апопеоз биологияда самурай законунун көрүнүшү болуп саналат. Ал закон боюнча тирүү система өзүн жок кылуу механизмине ээ. Анда ал өзүнүн функциясын аткара албай, системага керексиз болгондо учурайт. Клетканын программаланган өлүмү биологияда эмбриондук өрчүү механизминин бири катары (мисалы, көнөкбаштын куйругунун жоголушу жана башка) белгилүү. Апопеоз концепциясын жалпы биологиялык программа катары англиялык окумуштуулар Дж. Керр, А. Вилли жана А. Кьюри түзүшкөн жана терминди сунуш кылышкан. Апопеоз программасынын иштебей калышы рак жана аутоиммун ооруларынын өрчүшүнө алып келет. Апопеоздун коргонуу функциясына вирус жуккан же стресстен жабыркаган клеткалардын өзүн-өзү жок кылышы да кирет. Бул механизм инфекциянын өсүшүн, генетикалык өзгөргөн клеткалардын пайда болушун токтотууга багытталган. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө илдет жуккан жердин айланасындагы клеткалардын өлүшү инфекциядан коргонуусу болуп саналат. Жабыркаган ткандын айланасындагы клеткалардын ашыкча апопеозу жүрөктө инфаркт, мээде инсульт жана башка ооруларга алып келет. Нерв клеткаларынын апопеозу нейродегенерациялык ооруларга (мисалы, паркинсон), ал эми лимфациттердегиси ИЖОСтун (СПИДдин) өрчүшүнө негиз болушу ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]