Апостолдор

Википедия дан

Апостолдор (грекче aроstolos — элчи) — алгачкы христиан адабиятында христиан дининин үгүттөөчүлөрү; «Жаңы осуят» боюнча 12 апостол - Ыйса Машаяктын эң жакын жолдоочулары (окуучулары). «Жаңы осуятта» көпчүлүк учурларда Иисус Христостун 12 окуучусу жана апостол Павелдин ысмы аталат. Павелдин дин илиминде жана Евангелияда апостолдордун кызматынын маани-маңызы берилген. Анда апостол - Кудайдын Иисус Христос аркылуу жиберилген өкүлү. Апостолдук кызмат биринчи кезекте үгүт жүргүзүү, сыйынуу ырым-жырымдарын аткаруу. Еврей элинин 12 муунун негиздөөчү Иаковдун уулдары сымал апостолдор чиркөөнүн башында туруп, ал эми чиркөө жаңы эсхатологиялык Израилдин борбору болушу керек,-деп белгиленген. Апостолдор Евангелия жана башка дин адабияттарында Петрдан башталып, Филипп жана Жакып Алфей уулу, Андрей, Жакып Зебеди уулу жана анын бир тууганы Иоанн, Барталмай, Фома, Матфей жана башка аталат. Биздин заманга чейинки 2-кылымда Евангелияны үгүттөп, жер кезип жүргөндөр да жалпысынан апостолдор деп аталган. Чиркөөдө дин үгүтүн жүргүзүп, кызмат кылгандар учурда да апостолдорго тең катар айтылат. Мисалы, Грузиянын агартуучусу Нина, улуу князь Владимир, ыйык Николай Японский жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]