Аппетит

Википедия дан

Аппетит (латынча appetitus - табит ачылуу) адамдын тамак ичүүнү каалоо сезими. Көпкө тамак ичпесе ачкалык сезими байкалат. Аппетит борбордук нерв системасынын белгилүү бөлүгүнүн козголуусунун натыйжасында пайда болуп, шилекей, тамак сиңирүү маңызынын бөлүнүп чыгуусун, карын, ичеги кыймылын күчөтүп, тамак сиңирүү органдарын тамакты кабыл алууга даярдайт. Даамдуу даярдалган тамак, анын көрүнүшү, жыты, дасторкондун кооз даярдалышы аппетитти күчөтөт. Тескерисинче тамактын жагымсыз жыты, түрү аны начарлатып, тамак сиңирүү органдарынын ишине терс таасир тийгизет. Тамактануу эрежесин туура сактаган адамдардын организми тамак сиңирүүчү маңызды белгилүү мезгилде жана өлчөмдө бөлүп чыгарууга ыңгайланат. Тамактануу эрежесин бузуу, тамактануу мезгилинде ар кандай алагды кылуучу факторлор Аппетиттин бузулушуна, ичегикарын жолунун жана зат алмашуунун ооруларына алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]