Аппликатура
Көрүнүш
Аппликатура (латынча applico - басам, кысам) - музыкалык аспаптарда ойноо учурунда манжалардын жайгашуу жана кезектешүү тартиби, ошондой эле бул ыкманын цифралар менен нотада белгилениши. Аппликатура музыкалык чыгарманы көркөм аткарууга багытталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1